Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

Ак-Сайда буулган жол ачыла элек


Баткен облусунун Ак-Сай айылында жолду бууп тургандар менен бийлик өкүлдөрүнүн жана айыл аксакалдарынын жекшембидеги сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыккан жок. Ушул тапта да Ворух анклавын Тажикстандын негизги аймагы менен байланыштырган жолун ондогон кыргыз жарандары бууп турушат. Дээрлик баары жаштар. Алар жолго курулуш материалдарын төгүп салып, эки жакка эч кимди өткөрбөй жатышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчиев билдирди.

Жол 4-майга караган түнү тосулган. Ага 3-майдын кечинде Улар жайлоосуна мал айдап бараткан аксайлыктарды тажик жарандары өткөрбөй коюшу себеп болгон.

Жаңжал чыгып, чек арага эки тараптан тең эл чогулган. Күч органдарынан билдиришкендей, кыргыз жарандарына таандык эки унаа талкаланган. Тажикстандыктар да Лейлекке кетчү жолду бууп, кайра ачкан.

Аксайлыктар көз карандысыз жол маселесин тезирээк чечип берүүнү бийликтен талап кылып жатышат.

Ак-Сайга кетчү жол Тажикстандын Кожалы айылын аралап өтөт. Жаңжалдардан улам Көк-Таш - Ак-Сай жолу өткөн жылдын соңунда курула башталган. Тажик тарап буга каршы чыгып, 11-январда чек арачылар ортосунда ок атышуу да болгон.

Эми эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү чек арадагы кырдаал боюнча ушул аптада Тажикстанда жолугат. (SE)

XS
SM
MD
LG