Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Бишкекте жарандардын турак-жай укугун колдоо акциясы өтүп жатат


Иш-чараны Эркин профсоюздар конфедерациясы уюштурууда. Анда жарандардын турак-жай укугун мамлекет тарабынан чечүү маселеси көтөрүлдү. Акциянын катышуучулары алгач борбор калаадагы Михаил Фрунзенин үй-музейинин алдына чогулушуп, андан кийин шаардын түндүк-чыгыш тарабындагы “Келечек” жаңы конушунда улантышмакчы. Уюштуруучулардын билдирүүсүндө иш-чарада 1870-жылдары самандан курулган үй-музей менен азыркы 21-кылымдагы самандан курулган үйлөрдү салыштырып, бир жарым кылым аралыгында Кыргызстанда турак-жай куруу технологиясынын өнүккөнү ашкереленмекчи.
Ушул тапта Бишкектеги турак-жайлардын чарчы метри орто эсеп менен 800-900 доллар. Ал эми мугалим жана башка бюджеттик кызматкерлердин бир айлык орточо эмгек акысы 5-7 миң сомду түзөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG