Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:07

Президент Конституция күнү менен куттуктады


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өлкө эгемендигинин жана эркиндигинин символу болгон Башмыйзам кабыл алынган 5-май Конституция күнү менен жалпы кыргызстандыктарды куттуктады. Президент Башмыйзамды мурунку бийликтер тушунда бат-бат, негизсиз өзгөртө берүү Кыргызстанда коррупциялашкан үй-бүлөлүк жана кландык башкарууга алып келгенин белгилеп, жыйырма жылдан ашуун көз карандысыздык учурунда карапайым кыргызстандыктардын аракети менен гана өлкөнүн мамлекеттүүлүгү жана эгемендиги сакталып турганын айтты.

Мамлекет башчы ошондой эле жарандарды мекенин сүйүүгө жана урматтоого чакырып, абийир менен мыйзамдын алкагында жашоого үндөгөн.


Кыргызстандын Башмыйзамынын алгачкы редакциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Андан бери Конституция бир нече жолу өзгөрүүлөргө дуушар болду. Акыркы жолу 2010-жылы 27-июнда кыргызстандыктар Башмыйзамдын азыркы редакциясын колдоп добуш беришкен. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG