Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:12

БУУ: Ооганстандагы көчкү кеминде 500 адамды жалмады


Ооганстандын түндүк-батышындагы кыштакта жер көчкү басып өлдү деген адамдардын саны, БУУнун боолгошунча, 500гө жетет. Бадахшан провинциясынын жетекчилери 2-майдагы апаатта Обо Барик кыштагында бери дегенде 2700 адам набыт болгонун айтууда.

Бирок канча адам өлгөнүн так айтуу кыйын. Себеби кыштак бүтүндөй эле жер астында калган. Табигый кырсык болгон жер баткак болгондуктан, издөө иштери токтотулганы жана дагы жер көчүшү мүмкүн экени ырасмий маалымдалды. Обо Барикте курман болгондорду эскерип, 4-майда Ооганстан аза күттү.

XS
SM
MD
LG