Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:45

Аваков: “Кутумчуларды” коё берүү - маскарачылык


Одессадагы кандуу тополоңдо кармалган 42 адам Украинанын ортолугундагы абак жайларга жөнөтүлдү. Бул жөнүндө Украинанын ички иштер министри Арсен Аваковго шилтеп “Азаттыктын” украин кызматы кабарлады.

Бир күн мурда, 4-майда 2 миңдей адам камоодогу 60тан ашык орусиячылды бошотууну талап кылып, Одессанын полициясына чабуул койгондон кийин алар коё берилген.

2-майда орусиячылар менен өлкө биримдигин жактоочулар ортосундагы кагылыш маалында Профсоюздар үйүнө качып кирген 40тан ашуун протестчи капылет өрттөн курман болгон. 200дөн ашуун адам жараат алган. Аваков тополоңго түздөн-түз тиешеси бар адамдары коё берүүнү “маскарачылык” деп атады.

XS
SM
MD
LG