Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:14

Ооганстанда жер көчкүдө мерт кеткендердин так саны белгисиз


Бадахшан провинциясынын жетекчилери 2-майдагы апаатта Обо Барик кыштагында бери дегенде 2700 адам набыт болгонун айтууда. БУУнун боолгошунча, Ооганстандын түндүк-батышындагы кыштакта жер көчкү басып өлдү деген адамдардын саны 500ге жетет. Өзүн Хусейн деп тааныштырган адам:

- Менин үй-бүлөмдөгү 15 адамдан бирөө гана тирүү калды. Жер көчкү болгондо ал Кабылда болчу. Бөлөмдүн үй-бүлөсүнөн 8 киши жана башка 16 тууганым мына бул ылайдын астында жатат. Биз сөөктөрдү баткактын астынан чыгаруу үчүн өкмөттөн бульдозер алып келүүнү талап кылабыз.

Жылга коюнундагы Оби Барик кыштагы бүтүндөй эле жер астында калган. Баткак болгондуктан издөө иштери токтотулганы жана дагы жер көчүшү мүмкүн экени ырасмий маалымдалды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG