Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:59

Грекияда эки кайык чөгүп, ондогон адамдар курман болду


Эгей деңизинде мигранттар толтура эки кайык чөгүп, 22 адам сууга чөгүп кетти. Өлгөндөрдүн арасында балдар да бар, ондогон адамдар дарексиз жок деп билдирди Грекиянын өкмөтү. Грекиянын деңиз чек арачыларынын маалымдашынча, мигранттарды жүктөгөн кайыктар 5-майда Түркиянын жээгинен алыс эмес Самос аралынын жанында кырсыкка учураган. Оодарылып калган бир кайыктын ичинен 18 адамдын жасаты, деңизден төрт адамдыкы табылды. Эртең менен 36 адам куткарылганы маалымдалган.

Африкалык жана жакынкы чыгыштык мигранттар көбүн эсе Грекия жана Италиядан жумуш издешет. Акыркы жылдары Жер Ортолук деңизи аркылуу Европага баратып, жүздөгөн адамдар өмүрүн жоготкон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG