Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

Йеменде Франция элчилигинин кызматкери өлтүрүлдү


Сана шаарында Франция элчилигинин бир күзөт кызматкери согушкерлердин огунан каза тапты. Дагы бири жараат алды. Аларга куралчан топ дүйшөмбүдө кол салган. Азырынча кылмышты эч кайсы террордук уюм мойнуна ала элек.
Йемен өкмөтү билдиргендей, элчилик кызматкерлери шаардагы дипломатиялык райондо машинада отурган учурда кол салууга дуушар болгон.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштондун айтымында, мерт кеткен жана жараат алган француз күзөтчүлөрү Еврошаркет делегациясына кызмат кылуу үчүн тандалып алынган эле.

Жергиликтүү бийлик окуя боюнча иликтөө башталганын билдирди. Франция президенти Франсуа Олланд бул кылмышты “алсыздык аракети” деп баалады.

Эки аптадай мурун ошол эле райондо германиялык дипломатты да белгисиз кишилер уурдаганга аракет кылган. Немис элчилигинин кызматкери алардан качып кутулган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG