Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Токтогул суу сактагычында 8,5 млрд. куб метр суу калды


“Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча бүгүнкү күнгө карата суу сактагычтагы суунун көлөмү 8 млрд. 520 млн. куб метр. Агып кирген суунун көлөмү секундасына 415 куб метрди түзсө, агып чыгуу секундуна 209 куб метр болууда.

Токтогул суу сактагычы Борбор Азиядагы эң ири суу сактагыч болуп эсептелет, чөйчөгү 19 млрд. куб метрге эсептелген. Адистер суу 7 млрд. куб метрге чейин азайганда Токтогул ГЭСи ишин токтоторун белгилеп келишет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG