Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Бала асыроону уюштуруу укугу жети эл аралык уюмга берилди


Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Социалдык коргоо боюнча координациялык кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди. Анын айтуусунда жети эл аралык уюм Кыргызстандан бала асырап алууну уюштурууга аккредитация алды. Арыз 17 уюмдан түшкөн, алардын алтооно уруксат берилген жок, калган төртөөнүн арыз берүү мөөнөтү узартылган.

Социалдык коргоо боюнча координациялык кеңештин жыйынында ата-энесинин кароосусуз калган балдар маселеси да талкууланууда. Ага өкмөт мүчөлөрүнөн тышкары балдар менен иш алып барган бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да катышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG