Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:45

Апрель окуясы боюнча сот өкүмү 6-июнда чыгат


Бүгүн Бишкек гарнизондук аскер соту Апрель окуясы боюнча айыпталып жаткан Рафаэль Мадраимов менен Майрамбек Тентиевдин акыркы сөзүн укту. Айыпталуучулар өздөрүнө тагылып жаткан айыптар менен макул эместигин билдирип, өздөрүн актоону өтүнгөн соң, судья Дамир Оңолбеков сот өкүмдү 6-июнда чыгарарын жарыя кылды. Бул жабырлануучулардын нааразычылыгын туудуруп, алар сотко суу куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышкан. Бул тууралуу “Азаттыкка” жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариев билдирди.

Апрель окуясы боюнча соттук териштирүү 2010-жылы 30-ноябрда башталган. Бул иш боюнча мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары, бир катар мамлекеттик жогорку кызматкерлер, “Альфа” атайын кызматынын кызматкерлери айыпталып, прокуратура Бакиевдерди өмүр бою эркинен ажыратууну сураган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG