Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:24

Одессадагы кандуу окуяны иликтөөгө чет элдик эксперттер катышат


2-майда Одесса шаарында ондогон адамдардын өмүрү кыйылган кандуу окуяны иликтөөгө чет элдик эксперттер катыша турганын Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков Фейсбук баракчасында билдирди. Иликтөөнүн жыйынтыгы коомчулукка жарыяланат.

Расмий маалыматтарда Одессадагы кагылыштар учурунда 46 киши набыт болгону кабарланды. Украин маалымат каражаттары дагы 48 кишинин тагдыры беймаалым экенин жазышты.

2-майда Одессада орусиячылар менен Киевдин жаңы бийлигин жактоочулар кагылышкан. Жаатташкан жактар бири-бирине күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып, Профсоюздар үйүндө андан өрт чыккан. Күбөлөрдүн айтымында, милиция кагылыштарды токтотууга аракеттенген эмес.

Премьер-министр Арсений Яценюк кандуу окуя үчүн жоопкерчиликти коопсуздук күчтөрүнө жүктөдү. Одессанын милиция жетекчилери кызматтан алынды.

XS
SM
MD
LG