Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров кризисти жөндөө үчүн украин бийликтери өлкөнүн чыгыш аймактарынан армияны чыгарып кетсин деп айтты. Венадагы Европа кеңешинин министрлер жыйынына келген орус министри эл аралык сүйлөшүүлөргө орусиячыл “оппозицияны” кошмоюнча натыйжа болбойт деген көз карашын дагы билдирди.
Венадагы жолугушууда талкуулана турган маселелердин бири Украинадагы кырдаал. Бул жыйынга келгендердин арасында Украинанын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Андрей Дещица да бар. Австриянын баш калаасындагы жолугушууга Европа Кеңешине кирген өлкөлөрдөн 30 министр катышат.