Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:27

Бакуда оппозиция менен полиция кагылышты


НИДА жаштардын оппозициялык кыймылынын сегиз активистине сот өкүм чыгаргандан кийин аларды колдоп келгендер менен полиция кагылышты. Сот активисттерди “башаламандык уюштуруу, мыйзамсыз курал-жарак жана маңзат сактоо” деген кинелер менен алты жылдан сегиз жылга чейин кести. Соттолгондордун ондогон жактоочулары сот имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Полиция катышуучуларды күч менен таркатып, айрымдарын кармап кетти. Алардын арасында “пресса” деген жазуусу бар күрмөчөндөр дагы бар. НИДА жаштар уюмунун өкүлдөрү өткөн жылдын март айында Бакуда бийликке каршы акция өткөргөндөн кийин камалган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG