Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:55

Египет: ас-Сиси “Мусулман агайындардын” тамырын кыркууга убада берди


Египет президенттигине талапкер Абдул Aттах ас-Сиси эгер мамлекет башчы болуп калса, анда “Мусулман агайындар” кыймылын "биротоло түп тамырынан жок кылам" деп убада берди. Шайлоо өнөктүгүнүн алкагында сыналгы аркылуу элге кайрылган ас-Сиси “Мусулман агайындарды” жоготуу - бүт египеттиктердин жеңишине тете болорун айтты.

Египеттин куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башчысы ас-Сиси 26-27-майда болчу президенттик эрте шайлоодо жеңип чыгары айтылып жатат. Анын аракети менен Египеттин мурдагы президенти Мухаммед Мурси 2013-жылдын июлунда бийликтен кулатылган.

“Мусулман агайындар” кыймылынын лидери Мурси азыр абакта отурат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG