Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Ак-Сай: тургундар жайлоого тоскоолдуксуз өтө баштады


Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары тажик кыштактарын аралап, мал-койлорун жайлоого тоскоолдуксуз өткөрө баштады. Бирок кооптонуулар бар болгондуктан, чабандарды күч кызматкерлери коштоп жүрөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчиев билдирди. Айыл активисттери жаңжалдарды болтурбоо үчүн жаштар арасында түшүндүрүү иштерин улантууда.

3-майдын кечинде Улар жайлоосуна мал айдап бараткан аксайлыктарды тажик жарандары өткөрбөй коюшкан эле. Буга ачууланган кыргызстандыктар Тажикстандын Ворух анклавын негизги аймагы менен байланыштырып турган жолду бууп салышкан.Чек арага эки тараптан тең эл чогулуп, жаңжал чыккан. Кыргыз жарандарына таандык эки унаа талкаланган.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү менен 5-майда жол ачылган. (JsA\SE)

XS
SM
MD
LG