Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

«Улуттар биримдиги» Ош милициясын айыптады


Мелис Мырзакматовдун «Улуттар биримдиги» партиясынын саясий кеңеши Жеңиш Садиевдин өлүмүнүн бетин ачууда Ош милициясы солгун иштеп жатат деп билдирүү таратты.

Анда май майрамдарына карата милициянын күчөтүлгөн тартипте иштегенине карабай, адам өлүмүнө жол берилгени, кылмышкердин чак түштө ээн-эркин куралчан жүрүшү жана Садиевди “өлтүрдү” деп шектелген адам тасмага түшүп калганына карабай, азырга чейин табылбай жатканы сындалган. Андан тышкары айрым журналисттердин Мырзакматов менен Садиевдин туугандыгын териштирүүсү бийликке кошомат катары бааланган.

30-апрелде Оштун муруңку мэри Мелис Мырзакматовдун тууганы делген Жеңиш Садиевди белгисиз бирөөлөр үйүнөн атып кетишкен. Мырзакматов бул кол салуу аны коркутуу үчүн жасалганын айткан. Ок жаңылган Садиевге Ошто операция жасалып, бирок бир күндөн кийин каза тапкан.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы кылмыштын бети жакын арада ачыларын айтып жатат. (YI)

XS
SM
MD
LG