Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Георгий тасмасы талаш жаратууда


Георгий тасмасы акыркы кезде орусиячыл жикчилдердин символуна айланууда. Украина, Славянск. 21-апрель, 2014-жыл.
Георгий тасмасы акыркы кезде орусиячыл жикчилдердин символуна айланууда. Украина, Славянск. 21-апрель, 2014-жыл.

Жеңиш күнүнө утурлай таратылган Георгий тасмалары кыргыз коомчулугунда түркүн пикирге жем таштады.

Ушул тушта социалдык тармактарда бул тасма Улуу Жеңиштин белгисиби же жокпу деген кызуу талкуу жүрүп жатат. Ал арада жер-жерлерде тасма таратуу акциялары уланууда. Ага Бишкек, Ош өңдүү борбор шаарлардын жана күч органдардын башчылары жигердүү катышып, колдоо көрсөтүүдө.

Социалдык тармактарда Георгий тасмасын Улуу Жеңиштин символу катары кабыл албаган жаштардын катары да калыңдоодо. Алардын бири Курстанбек Маматкулов:

- Муну эки тараптуу: кыргыздардын анан орустардын позициясынан кароо керек. Мен ал тасманы жеңиштин символу катары көрө албайм. Биз үчүн Ата Мекендик согуш болгон жок, биз үчүн Экинчи дүйнөлүк согуш болду. Гитлер менен Сталиндин коммунизм менен фашизм үчүн согушунда биздин ата-бабаларыбыз көрбөгөн азапты көрүп, курман болушту. Мен муну биздин жеңиш деп айта албайм. Орустардын позициясынан караганда алар үчүн албетте бул жеңиштин символу. Екатерина II келгенден бери бул тасманы ар кандай согуштарда эрдик көрсөткөндөргө ыйгарып келишкен. Ошол эле Орто Азияны, анын ичинде кыргыздарды басып кирген орустун генералдары баары ушул Георгий ордендери менен сыйланышкан. Орустарга душмандыгым жок, бирок кыргыз катары, өз элимдин тарыхын сыйлаган жаран катары Георгий тасмасын жеңиштин символу деп эсептебейм.

“Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Бишкек шаарынын жетекчилиги менен бирге Георгий тасмасына байланыштуу 23-апрелде эле ири акция өткөргөн болчу. Аталган орусиялык уюмдун жетекчиси Алексей Зенько муну маанилүү иш-чара деп атаган эле:

- Георгий тасмасы эскерүүнүн символу, биздин ата-бабаларыбыздын Жеңишинин, алардын бизге калтырган жеңишинин сыймыгынын символу
.

Бишкекке бул тасмалар Москвадан алынып келген жана аны таратуу Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда өтүп жатат. Мындай иш-чараларга Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, ошондой эле Чек ара кызматынын жетекчилери өздөрү жигердүү катышып, колдоп жатканын көрүүгө болот.
Георгий тасмасы чек арада
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00


Тарыхчы Нарынбек Алымкуловдун пикиринде, тасма боюнча астейдил саясат жүргүзүү зарыл. Анткени азыр кеңири таратылып жаткан Георгий тасмасы менен Улуу Жеңиштин белгиси болгон гвардиялык тасманын айырмасы чоң:

- Мунун мааниси такыр башкача. Совет доорунда бул гвардиялык тасма болуп калган. Азыр орустар ортосун калтырып коюп, эски тасмасын колдонуп алышты. Эми экөөнүн мааниси бир эле деп айтып жатышат. Орус империясынын тушундагы гвардия менен кийинки гвардиянын айырмасы чоң, маанилери ар башка. Ошондуктан бул жерде абайлаган саясат жасоо зарыл. Мунун артында чоң проблема, маселе жатат.


Теолог, “Акыл, эс, рух, ыйман” коомдук уюмунун жетекчиси Дүйшөн ажы Абдылдаев “Азаттыктагы” маегинде кара-саргылт түстөгү тасманын дин менен байланышына токтолду:

- Георгий Инжилдеги баатырдык иш кылган диний каарман. Георгийдин тамыры ошол христиандардын динине барып такалат. Азыр бизде Георгий тасмаларын тагынып алгандар көргөзмөлүү, жасалмалуу иш-чара эле болуп атат. Анын маани-маңызын көпчүлүгү түшүнбөйт. Ошондуктан маанисиз тасмаларды тараткандан көрө чыныгы адамзаттык баалуулуктарды түшүндүрүү керек.


Георгий тасмасын көтөргөн аял орусиячыл жикчилдердин жанында. Украина, Константиновка. 24-апрель, 2014-жыл.
Георгий тасмасын көтөргөн аял орусиячыл жикчилдердин жанында. Украина, Константиновка. 24-апрель, 2014-жыл.
Георгий тасмасына байланыштуу талаштуу талкуулар Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдө да жүрүп жатат. Астанадагы жарандык активист Махамбет Абжан Казакстанда Украинадагы соңку окуяларга байланыштуу Астана бийлиги көк түстүү тасма чыгарганын айтып берди:

- Мындай тасмаларды азыр бирөөлөр тагынып жүрөт. Бирөөлөр болсо башкаларга тагып жүрөт, дагы башкалар тасма тагынгандарды сепаратисттер, колорадисттер сындап жүрөт. Быйыл Астананын акимчилиги мындай тасмаларды тараткан жок. Былтыр, мурдагы жылдары Георгий тасмалары кеңири таратылган эле. Бирок Украинадагы соңку жагдайга байланыштуу бир түстүү - көгүш тасма чыгармай болушту. Теңи кара, теңи саргылт түстөгү тасмаларды Крымда жана Чыгыш Украинадагы сепаратисттер, Орусиянын курамына кошулгусу келгендер тагынып жаткандыктан расмий Астана бейтарап саясатын көрсөтүш үчүн Георгий тасмаларынан баш тартуу чечимин кабыл алды. Башка шаарларда кандай экенинен кабарым жок. Бирок менин оюмча бул Астанада эле эмес, башка калааларда да жүргүзүлүп жаткан саясат. Анткени, Астана бийлигинин мындай чечими президенттин акимчилигинен чыккан тапшырма деп ойлойм.

Орусия дүйнөнүн бир катар өлкөсүндө Жеңиш күнүн утурлай Георгий тасмасын таратуу акциясын 2005-жылдан тарта баштаган.

XS
SM
MD
LG