Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:07

Оторбаев: Түштүккө газ берүү маселеси чечиле элек


Кыргыз өкмөтү “Узтрансгаз” Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү бир тараптуу токтотуп койгонуна байланыштуу өзбек өкмөтүнө кайрылган. Бирок азырынча жооп жок экенин өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Ал ошондой эле бул маселени чечүүгө орусиялык “Газпром” ишканасы да киришкенин билдирип, “Алексей Миллер газ маселесин чечүүгө аракеттенүүгө убада кылганын” айтты.

Ош шаарында 14-апрелден бери газ жок. Өзбек тарап муну газ берүү келишиминин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштырган. “Кыргызгаз” ишканасы 10-апрелде Орусиянын “Газпромуна” 1 долларга сатылган. Мамлекет башчылыгы ишкананын сатылышын кыргызстандыктарды көгүлтүр от менен үзгүлтүксүз жабдуу максатында деп түшүндүрүп келген болчу.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG