Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

Өкмөт мигранттардын абалы жакшырарын билдирди


Кыргызстан Эркин экономикалык аймакка кирсе, биздин жарандардын эмгек укугу Бажы биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жарандарынын укугуна теңделет. Бул тууралуу өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бүгүн журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда учурда Кыргызстандын эки: Бажы биримдигине жана Эркин экономикалык аймакка кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Премьер-министр мигранттардын абалын жакшыртуу Кыргызстан үчүн чоң артыкчылык экенин белгилеп, өкмөт башчылардын сүйлөшүүсүнө бул маселени талкуулоо үчүн Орусиянын федералдык миграция кызматынын жетекчиси да чакырылганын кошумчалады.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча документтерде мигранттар маселеси камтылган эмес. Эмгек ресурстарына байланыштуу маселелер Эркин экономикалык аймактын деңгээлинде гана каралмакчы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG