Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:53

ИИМ: Дмитрий Цой адам өмүрүнө кол салганы үчүн кармалды


ИИМдин Уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Рафик Мамбеталиев бүгүн журналисттерге Цой 2009-жылы Ысык-Көлдө бир кишини бутуна атканы үчүн кармалганын билдирди.

Анын айтуусунда, мындан беш жыл мурун Цойдун автоунаасы Ысык-Көлдө бир трактор менен кагышкан, натыйжада ал трактордун айдоочусун сабап, пистолети менен бутуна аткан, кийинчерээк ал адам каза болуп калган.

Рафик Мамбеталиев бул иш “түшүнүксүз себептер” менен токтотулуп калганын, быйыл 30-мартта Башкы прокуратура “Ээнбаштык” беренесинен “Киши өлтүрүүгө аракет кылган” деген беренеге которгонун кошумчалады.
Ал ошондой эле “Интел линкс” компаниясынын негиздөөчүсү Дмитрий Цойдун мушкер Руслан Абасовдун өлүмүнө тиешеси бардыгы да иликтенип жатканын, айрым маалыматтар боюнча алар жер талашып, чатакташып жүрүшкөнүн кошумчалады.

Белгилүү кикбоксчу, дүйнө чемпиону Руслан Абасов 27-мартта каза болгон эле. Абасов айдап бараткан “Тойота Лендкрузер” маркасындагы унаа жарылып, спортчу алган жаракатынан ооруканада каза тапкан. Алдын-ала маалымат боюнча, жардыргыч зат айдоочу отурган орундуктун астына коюлган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG