Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:34

Атамбаев менен Путин Бажы биримдиги боюнча маселени сүйлөшөт


Кыргыз жана орус президенттери Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн сүйлөшөт. Бул тууралуу КР президенттик аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков бүгүн Москвада маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда 8-майда КР президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин жолугушуусу болот. Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү, эки тараптуу энергетикалык долбоорлор, анын ичинде “Роснефть” компаниясынын “Манас” аэропортун жаңылоодогу катышы тууралуу талкууланмакчы. Эки тараптуу жолугушуу ЖККУ саммитинин алкагындагы иш-чаралардан кийин болот.

Сапар Исаков ошондой эле эртең ЖККУга мүчө мамлекет башчылары дүйнөлүк саясатты талкууларын кошумчалады. Анын айтуусунда ЖККУ өзүнө мүчө мамлекеттердин коопсуздугун камсыздоого кызыкдар, ошондуктан, бул маселе да отурумда көтөрүлүшү күтүлүүдө.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча "жол картасы" тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү жумушчу топ бир нече күндөн бери Москвада жүрөт. Мурда кабарлангандай "жол картасын" талкуулоо 12-майда Москвада болот.(ZKo)

XS
SM
MD
LG