Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:31

Британия Украинаны реформага үндөдү


Киевде иш сапарда жүргөн британ тышкы иштер министри Уильям Хейг украин өкмөтүн реформа баштоого чакырды.

- Украинанын жарандары экономикасын коррупция талкалаган өлкөдө эмес, жашоосун татыктуу кура ала турган шарты бар мамлекетте жашашы керек, - деди Хейг

Хейг Украинага кечээ, 6-майда келген. Өзүнүн бул сапарын ал украин бийлигин колдоонун белгиси катары сыпаттоодо. Ал "Орусия Украинага басым жасап, алдыдагы президенттик шайлоого тоскоолдук кылууга аракеттенип жатат" деген пикирин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG