Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:04

Жусуп Мамай айткан “Манас” трилогиясы басмадан чыкты


Сегиз бөлүктөн турган “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Кененим”, “Сейит”, “Асылбача - Бекбача”, “Сомбилек” жана “Чагатай” китептеринин бет ачары бүгүн КР Улуттук илимдер академиясында болду. Бул китептердин баары манасчы Жусуп Мамайдын варианты боюнча басылган.

Өткөн жылы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Манасчы Жусуп Мамайдын кыргыздардын тарыхый жана маданий мурасын сактоого кошкон салымы жөнүндө" жарлык чыгарып, Илимдер академиясына Жусуп Мамайдын эмгектерин системалуу түрдө иликтеп, чет өлкөлүк адистер менен бирге изилдеп чыгууну тапшырган эле.

Кыргызстандын Эл артисти, биринчи даражадагы «Манас» орденинин ээси Жусуп Мамай Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономиялык облусуна караштуу Ат-Жайлоо конушунда 1918-жылы 4-майда туулган. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG