Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:47

Баткен: чек арадагы жаңжалда милиция сабалды


Тажикстан менен чектеш Көк-Таш айылында кыргыз-тажик жарандарынын жаңжалы учурунда Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Дүйшөн Ниязкулов сабалды. Айыл тургундары милиция өкүлүн тажикстандыктар токмоктогонун “Азаттыкка” айтышты. Ниязкулов менен кошо дагы бир кыргыз жараны сабалган. Алар учурда Самаркандек аймактык ооруканасында жатышат.

Көк-Таштагы чатак бүгүн кечке жуук башталган. Жаңжал жол жана жайыт маселесинен тутанганын "Азаттыкка" облустук милициядан билдиришти. Учурда эки тарапта тең болжол менен миңдей адам топтолгону кабарланууда.

Жаңжалдан жабыркагандарды Баткен облустук бейтапканасына алып келүүгө мүмкүн болбой жатат. Ушул тапта Баткен-Исфана жолу жабык турат.

Тажик тараптан автомат атылганын уккандар да бар.

Баткен шаарынын чыга беришине азыр тосмо бекет коюлуп, жаңжал чыккан жакка эч ким өткөрүлбөй турат. (SE\JsA)

XS
SM
MD
LG