Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

Баткен: чек арадагы жаңжалда бир дүкөн өрттөлдү


Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда кыргыз тараптан бир дүкөн жана май ташуучу унаа өрттөлдү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашты. Вице премьер-министр Абдырахман Маматалиев өрт чыкканын “Азаттыкка” тастыктады. Чатакты басуу аракеттери уланып жатат. Мурдараак Маматалиев жаңжал басаңдаганын билдирген болчу.

Тажикстан менен чектеш Көк-Таш айылына жакын жерде кыргыз-тажик жарандарынын жаңжалы бүгүн кечке жуук тутанган. Эки тараптан тең болжол менен миңдей адам топтолгон. Чатакташуу жол маселесинен улам чыкканын "Азаттыкка" облустук милициядан билдиришти.

Окуя учурунда Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Дүйшөн Ниязкуловду тажикстандыктар сабап койгон. Аны менен кошо дагы бир кыргыз жараны токмоктолгон. Учурда Самаркандек аймактык ооруканасында жатышат.

Тажик тараптан автомат атылганын уккандар да бар.

Баткен шаарынын чыга беришине азыр тосмо бекет коюлуп, жаңжал чыккан жакка эч ким өткөрүлбөй турат. (SE\JsA)

XS
SM
MD
LG