Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:39

Чек арада жабыркагандардын бирине ок тийген


Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган кыргызстандыктардын бирине ок тийген. Операция жасап, окту алып салуу аракеттери көрүлүүдө. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев "Азаттыкка" курган маегинде ага өз колундагы куралдан ок жаңылганын белгиледи.

Чатактан улам Баткен облустук ооруканасына 9 адам жеткирилген. Жергиликтүү тургундар жаңжал учурунда 30 киши ден соолугуна түрдүү жараат алганын айтып жатышат. Расмий маалымат боюнча, алардын ондон ашууну милиция кызматкерлери. Арасында Баткен райондук бөлүмүнүн жетекчи орун басары Дүйшөн Ниязкулов да бар.

Азырынча тажик тараптан жабыркагандар тууралуу так маалымат жок.

Жергиликтүү бийликтен маалымдашкандай, чыр чыккан аймакта эки мамлекеттин күч кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, топтолгондор таңкы саат төрттөр чамасында таратылды. Учурда Баткен-Исфана жолу ачык.

Тажикстандыктар кыргызстандык бир кишини барымтага алып алганын, ал милициянын аралашуусу менен бошотулганын жергиликтүү тургундар кабарлашты.

7-май күнү кечки саат жетилерде чек арага жакын Жака-Өрүк айылынын аймагында кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Түнкү саат онго жакын кыргыз тараптан бир дүкөн, май куйуучу жай жана бир-эки унаа өрттөлгөн. (SE\JsA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG