Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:46

ТИМ: Баткендеги чатакка чек ара такталбаганы себеп болду


Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, кечээги чырга эки өлкө аймагындагы чек аранын такталбаганы жана айланып өтчү жолдордун жоктугу себеп болду.

Чыр катталары менен министрлик өкүлдөрү окуяга мониторинг баштап, коңшу өлкөнүн бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү өткөрүп жатат.

Бүгүн Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын элчиси чакырылат. Андан соң Абдылдаев Тажикстандын тышкы иштер министри менен да абалды талкуулай турганын айтты.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG