Ички иштер министрлиги 7-майда Баткендеги чек ара чатагынан жабыркагандардын тизмесин жарыялады. Министрликтин маалыматы боюнча, 10 адам жараат алып, ооруканага кайрылган. Алар:
- Дүйшөбай Ниязкулов (Баткен райондук милициясынын башчысынын орун басары, башынан жараат алган);
- Сайпидин Бегматов (Көк-Таш айылынын тургуну, бутунан жараат алган);
- Абдыжапар Тайиров (Орто-Боз айылынын тургуну, башынан жараат алган);
- Абдилазиз уулу Нурсултан (Көк-Таш айылынын тургуну, бутунан жараат алган);
- Нуржан Сапаров (Орто-Боз айылынын тургуну, бөйрөгүнөн жараат алган);
- Улукбек Кенжеев (Орто-Боз айылынын тургуну);
- Уларбек Марданов (Ак-Татыр айылынын тургуну, бутунан жараат алган);
- Мусабек Беков (Үч-Дөбө айылынын тургуну, башынан жараат алган);
- Махатибрагим Нурматов (Үч-Дөбө айылынын тургуну, башынан жараат алган);
- Нышанбай Тойчиев (Орто-Боз айылынын тургуну). (BkA)