Баткендеги кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал чыңалып турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлоодо. Кызыл-Бел айылында жергиликтүү тургундар Баткен – Исфара (Тажикстан) унаа жолун, Ак-Сай айылында Тажикстандын Исфара – Ворух жолун тосууда. Аксай электр энергиясыз калды.
Баткен чек ара отряды ушу тапта күчөтүлгөн тартипте иштөөдө.
8-майга караган түнү кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кыргыз тараптан ондон ашуун адам жараат алып, дүкөндөр жана унаалар өрттөлгөн. (RK)