Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Адвокат: Депутат Келдибековдун ден соолугу начарлоодо


Бул тууралуу камактагы депутат Акматбек Келдибековдун адвокаты Татьяна Чильникина билдирди. Анын айтымында, Келдибеков былтыркы жылдын декабрь айынан бери ооруканада дарыланууда. Ага үч ирет операция жасалды. Дагы бир операция кылуу керек болчу, бирок Келдибековду ооруканага жаткаруу мүмкүн болбой жатат. Мындан улам депутаттын абалы начарлап жатканын адвокат билдирди.

Чильникина Келдибековго кылмыш иш саясий негизде козголгонун, депутат өзүнө тагылган айыпты четке кагаарын эскертти.

Оппозиция лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков өткөн жылдын ноябрь айынан бери камакта. Ага "коррупция", "кызмат абалынан пайдаланган" деген айыптар коюлган. (BkA)

XS
SM
MD
LG