Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:18

Москвада ЖККУнун бейформал саммити өттү


Бүгүн Орусиянын борбору Москвада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бейформал саммити өттү. Бул тууралуу Орусиянын президентиннин расмий сайтында кабарланды. Маалыматка ылайык, Орусия, Кыргызстан, Армения, Тажикстан, Беларустун президенттери катышкан саммитте Украиндагы соңку абал жана аймактагы коопсуздук талкууланды.

Саммиттен соң президенттердин эки тараптуу жолугушууларды өтөт. Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин жолугуп, эки мамлекет башчы Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселесинен тышкары эки тараптуу энергетикалык долбоорлор, анын ичинде “Роснефть” компаниясынын “Манас” аэропортун жаңылоого катышы тууралуу да сүйлөшөөрү кабарланган. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG