Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:32

Ак-Сайга электр энергиясы берилди


Баткендин Ак-Сай айылында бүгүн эртеден бери өчүк турган электр энергиясы калыбына келтирилди. Айылга келген электр линиялары Тажикстанды да аралап өтөт. Жарыктын өчүшүнө чубалгылардагы мүчүлүштүктөр себеп болгон.

Тажик тарап Кожалы айылынын аймагындагы линияларды оңдогондон кийин жарык бериле баштады. Бул тууралуу мамлекеттик Чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты.

Мекеменин маалыматына ылайык, учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалган бойдон турат. Кыргыз жарандары Баткен-Исфара жана Исфара-Ворух жолдорун жаап коюшкан. (SE)

XS
SM
MD
LG