Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

АКШ: Израил - Палестина тынчтык сүйлөшүүсү уланыш керек


АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сюзан Райс Палестина башчысы Махмуд Аббас менен жолукту. Ак үйдөн билдиришкендей, Райс Израил жана Палестина ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрү жанданышы керектигин белгиледи. Анын айтымында, бул коопсуздукту камсыздоо үчүн өтө маанилүү.

АКШ өкүлү Вашингтон Палестинага мындан ары да экономикалык жана социалдык жактан көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Жолугушуу Рамалла шаарындагы АКШнын башкы консулдугунда өттү.

Израил жана Палестина чек арадагы коопсуздук, палестин качкындарынын кайтып келүүсү, палестин жерине жайгашкан жөөт тургундары жана башка орчун маселелер боюнча бир пикирге келе албай жатат.

XS
SM
MD
LG