Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Чек арадагы жаңжал боюнча тогуз кылмыш иши козголду


Кыргыз-тажик чек арасындагы 7-8-майдагы жаңжал боюнча тогуз кылмыш иши козголду. Анын ичинде Көк-Терек айылындагы өрттөө фактысы да бар. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдиргендей, мүлкү күйгөн жарандарга чыгымдарды тажик тарап төлөп бермей болду. Чатакташуу учурунда тажикстандыктар аталган айылда бир соода күркөсүн, май куюучу жайды жана жүк машинасын өрттөп салган.

Эки мамлекеттин расмий булактары тараткан маалыматка ылайык, жаңжалдан 25 адам олуттуу жараат алды. Анын 17си Кыргызстандын, 8и Тажикстандын жарандары.

Аймакта азыр абал туруктуу, бирок чыңалуу сакталып тургандыктан көзөмөл күчөтүлгөнүн тартип сактоо органдары билдиришти.

Чек арадагы талаш маселелерди тез арада чечүү талабы менен Баткен облусундагы бир топ жарандар Баткен - Исфара жолун бууп коюшкан. (SE\JsA)

XS
SM
MD
LG