Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Баткендеги буулган жолдор ачыла элек


Баткендеги Кызыл-Бел айылында жергиликтүүлөр бууп турган Баткен – Исфара (Тажикстан) унаа жолу, Ак-Татыр айылында Ош - Исфана жолу ачыла элек. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдирди. Жол буугандар чек ара маселесин тезинен чечүүнү жана 7-майда Баткендин Жака-Өрүк айылындагы чек ара чатагы боюнча күнөөлүүлөрдү жазалоо талабын коюп жатат.

7-май күнү кечке маал чек арага жакын Жака-Өрүк айылынын аймагында кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Түнкү саат онго жакын кыргыз тараптан бир дүкөн, май куюучу жай, эки контейнер жана эки унаа өрттөлгөн. Саламаттыкты сактоо министрлиги окуядан кыргыз тараптан 17 адам жабыркаганын маалымдаган. Анын 9у ооруканада. ​Ал эми Тажикстандан 8 адам жаракат алганы кабарланды. Окуяга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанга нота жиберген. (BkA)

XS
SM
MD
LG