Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Бишкекте Георгий тасмасына каршы акция өтүүдө


Бишкектеги Жеңиш аянтында Георгий тасмасынан баш тартууга үндөгөн акция өтүүдө. Аны «Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” кыймылы уюштурган. Акция алкагында уюм өкүлдөрү жарандарга сары-кара түстөгү тасманын ордуна кыргыз туусуна түспөлдөш тасмаларды таратып жатат.

Уюштуруучулар Ата Мекендик согушта жеңип чыгууга кыргызстандыктардын кошкон салымын даңазалап, бирок бул Георгий тасмасы менен белгиленбеши керектигин айтууда.

Украинадагы жагдайга байланыштуу быйыл Георгий тасмасына карата дүйнө коомчулугунда терс пикир көбөйгөн. Көпчүлүк өлкөлөр, анын ичинде коңшу Казакстан да аны жайылтуудан баш тарткан. (BkA/UEz)

XS
SM
MD
LG