Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

Лейлекте сел жүрдү


Баткендин Лейлек районунда 8-май күнү кечинде катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, райондогу Катран айылында сел 310 метр таза суу түтүгүн, 1,5 чакырым ички арыктарды, 8 чакырым ички жолдорду алып кеткен.

Мындан сырткары 15 баш уй, 40 баш музоо, 42 баш кой-эчкини сел агызган.

Учурда Лейлек райондук жарандык коргонуу комиссиясынын кызматкерлери жеринде иш алып барууда. Муну менен катар райондогу Тайлан айылындагы 1 үйдү каптаган. Учурда селден келтирилген чыгым эсептелүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG