Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

Садиевдин өлүмүнө шектүүлөр кармалды


Ошто кол салуудан каза тапкан Жеңиш Садиевдин өлүмүнө шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, Садиевди өлтүрүүгө буйрук берген 42 жаштагы бир жаран жана бул буйрукту аткарган 32 жаштагы жаран бүгүн Бишкекте кармалды. Алар алгачкы эле суракта кылмышты моюнуна алды. Садиев менен мамилеси начарлап кеткенине байланыштуу ушундай кадамга барганын билдиришти.

30-апрелде Жеңиш Садиевди белгисиз бирөөлөр үйүнөн атып кеткен.

Ок жаңылган Садиевге Ошто операция жасалып, бирок бир күндөн кийин ал каза тапкан. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев күч органдарына бул окуяны тыкыр иликтөө тапшырмасын берген. Буга чейин Улуттук оппозициялык кыймыл жана «Улуттар биримдиги» партиясы Садиевге кол салуу Мелис Мырзакматовго басым көрсөтүү үчүн жасалды деп билдирүү тараткан эле. Себеби ал Мырзакматовдун тууганы экени айтылып келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG