Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

Өзбекстанда өнөрпоз музыканттарга цензура күчөйт


Өзбекстанда жаңы киргизилчү жобо боюнча өнөрпоздор жаңы ырларын жана альбомдорун чыгарардан мурда цензурадан өткөрүүгө милдеттүү. Маалымдалганга караганда, өкмөттүк “Өзбекнаво” агенттигинин уруксаты жок бир да ырчы-музыканттын чыгармасы жарыкка чыгарылбайт жана аларды жазуу да мүмкүн эмес болот.

Артисттер жаңы ырды аткаргандан мурда ар бир чыгармасы үчүн 35 доллар төлөп, “Өзбекнаводон” уруксат алууга тийиш. Жаңы жобо июнда күчүнө кирет деп боолгонууда.

Азыр өзбекстандык өнөрпоздор сахнада, радио жана телеберүүлөрдө же ыр-тойлордо ырдоо үчүн атайын лицензиясы болуу керек.

XS
SM
MD
LG