Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:08

Минскте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталды


Беларустун борборундагы 78-дүйнөлүк чемпионатта 16 өлкө күч сынашат. Мелдештин биринчи күнү 9-майда Орусия - Швейцария, Франция - Канада жана АКШ - Словакия хоккейчилери беттешет. Мелдеш үчүн Минскте атайын эки арена курулган.

Беларус президенти Александр Лукашенка өлкөдөгү адам укугун бузуулар үчүн такай сындалып жүргөндүктөн дүйнөлүк чемпионат үчүн Минск тандалышы түрдүү каршы пикирлерди жараткан. Словакиялык атактуу хоккейчи Петр Счастны баштаган Европарламенттин мүчөлөрү чемпионат Лукашенкого режимин бекемдөөгө мүмкүндүк берет деп сындашты.

Беларус бийлиги саясый диссиденттерди куугунтуктап, сөз эркиндигин чектегенге байланыштуу АКШ жана Евробиримдик санкцияларына кабылган. Минсктеги хоккей чемпионаты 25-майда бүтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG