Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Таиландда кыргызстандык балбан Азия чемпиону болду


9-майда Таиланддан кубанычтуу кабар келди. Бангкок шаарында өтүп жаткан улан-кыздар арасында Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбаны Ренат Ильяз уулу 63 килограмм салмакта финалда ирандык Мехди Зейдванды утуп, Азия чемпиону аталды.

Эркин күрөш таймашында 69 килограмм салмакта кыргызстандык Мухаммед Мамедов үчүнчү орунду ээлеп, коло медал тагынды.

8-майда грек-рим күрөшү боюнча жаш балбан Хожиакбар Абилкасимов коло байгелүү болгон. Кыздар арасында эркин күрөштө Ажар Замир кызы финалга чейин жетип, күмүш медал утуп алган.

Таиланддагы Азиялык таймашууга Кыргызстандан 29 жаш балбан катышып жатканын грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Кулболду Исаев “Азаттыкка” билдирди. Бул Азия чемпионатында алтын байге уткан балбандарга августта Кытайдын Нанкин шаарында өтө турган жаштардын экинчи олимпиадасына жолдомо ыйгарылат. (КМа)

XS
SM
MD
LG