Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

Ооган талиптери Бала Болук бекетин басып алды


Ооган талиптери өлкөнүн түндүк четиндеги Фарах провинциясындагы полиция бекетине чабуул жасап, 11 полициячыны жарадар кылды. Бала Болук постуна 9-майда таңга жуук жасалган чабуулга 100дөн ашык согушчан катышканы расмий маалымдалды. Козголоңчулар бир танкты, жүк тартуучу машинени, курал-жаракты алып кеткен.

25тей полициячы жана аскерлер бекетти таштап кетип, Фарахтан жардам чакырышты.

Салгылашта беш согушчан өлтүрүлүп, дагы 20 чакты козголоңчу жарадар болгонун ооган бийликтери билдирди. Бул маалымат бейтарап булактар тарабынан тастыктала элек.

XS
SM
MD
LG