Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки жигит мерт кетти


19-20 жаштагы жигиттердин өмүрүн алган жол кырсыгы кечээ кечинде Каракол-Пристан жолунун 6-чакырымында катталган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ИИБинен билдиришти.

Булардан тышкары унаанын ичиндеги жети адам жаракат алган. Экөө реанимацияда, бешөө Ысык-Көл облустук ооруканасынын травматологиялык бөлүмүнө жаткырылды.

Маалыматка ылайык, кырсык болгон күнү алар «Тойота-Ипсум» жана «Хонда-Одиссей» үлгүсүндөгү автоунаалары менен эс алуудан кайтып келатып, жарыша кетишкен. Катуу ылдамдыкта келаткан унаалар биринен-бири озуп өтөрдө кагышып, жол жээгине кулаган.

Каза болгон жана жабыркагандардын баары Ак-Суу районунун Маман айылынын тургундары. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. (MTo)

XS
SM
MD
LG