Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

Баткен: Абал тынч, чыгымдарды калыбына келтирүү иши жүрүүдө


Учурда Баткендин Тажикстан менен чек аралаш аймактарында абал бир топ жеңилдеп, чыңалуу таркап калды. Эки күндөн бери жабылган жолдор ачылып, Баткен-Исфара, Ош-Исфана, Аксай-Ворух каттамдары толугу менен калыбына келди. Кечээ кечинде чек арадан келген отуз чакты аял жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүдөн кийин тарап кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков билдирди.

Анын айтымында, өрттөлгөн үй, автоунаалардын чыгымын калыбына келтирүү боюнча эки тараптуу комиссия түзүлүп, ишин баштады. Эсептөөлөр боюнча, Көк-Таш айылындагы жаңжал учурунда кыргызстандыктар 7 млн. сомдон ашык зыян тарткан деп болжолдонуп жатат.

7-май күнү кечке маал чек арага жакын Жака-Өрүк айылынын аймагында кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыккан. Кыргыз тараптан бир дүкөн, май куюучу жай, эки контейнер жана эки унаа өрттөлгөн. 17 кыргызстандык жабыркап, анын 9у ооруканада. ​

Ал эми Тажикстандан 8 адам жараат алганы кабарланган. Окуяга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанга нота жиберген. (JsA/MTo)

XS
SM
MD
LG