Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:01

АКШ Пакистанды укук коргоочунун өлүмүн териштирүүгө чакырды


Пакистандын Адам укуктары комиссиясынын координатору Рашид Рехманды Пенжаб провинциясындагы кеңсесинде белгисиз адамдар үч күн мурда атып кетишкен эле.

Динге акарат келтиргени үчүн айыпталган адамдын укугун коргоп жаткан Рехман мурдараак өмүрүнө коркунуч туулары жөнүндө эскертүү алганын өзү маалымдаган.

АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Жен Псаки Вашингтон укук коргоочу адвокаттын киши колдуу болушуна терең өкүнүчтө экенин белгилеп, расмий Исламабадды бул окуяны кылдат иликтөөгө чакырды.

Өзү Пакистанда динге акарат келтирди деп айыпталгандарды сотто коргогондор экстремисттик элементтерден такай эскертүү алып турушат. Рашид Рехмандын өлүмүнөн кийин пакистандык юристтер нааразылык акциясын да өткөрүштү. (UE)

XS
SM
MD
LG