Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Ирак: Фаллужадагы аткылоодон 11 адамдын өмүрү кыйылды


Жергиликтүү дарыгерлер билдиришкендей, бүгүн атылган артиллериялык снаряддардан жана бомба жарылуусунан 11 кишинин өмүрү кыйылгандан тышкары 20дай адам жаракат алган.

Калк арасындагы бүгүнкү жоготуунун алдында, кечээ Ирактын коопсуздук күчтөрү негизинен сунниттер жашаган шаарда көзөмөл орнотуу үчүн кеңири масштабадагы аскерий операцияны баштаган эле.

Анбар провинциясындагы бул шаарды өкмөткө каршы согушкерлер былтыр декабрда ээлеп алышкан болчу.

Жыл башынан бери эле Фаллужада 300дөй кишинин өмүрү кыйылды. Алардын басымдуу бөлүгү жөн-жай тургундар.

Ирактын Коргоо министрлиги маалымдагандай, азыркы операция учурунда “ал-Каидага” байланышы бар согушкерлердин бир тобу жок кылынып, ири өлчөмдө курал-жарак конфискацияланды. (UE)

XS
SM
MD
LG