Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:32

Меркел менен Олланд Орусияга эскертүү берди


Германия канцлери Ангела Меркел бүгүн кабарчыларга айткандай, эгер Украинанын 25-майга мерчемделген президенттик шайлоо үзгүлтүккө учураса, Орусияга каршы жаңы чаралар көрүлөт:

- Эгер шайлоо (эл аралык коомчулук тааныган президенттик шайлоо) үзгүлтүккө учураса, Украиндагы кырдаалдын мындан ары да дестабилдешүүсүнө салым кошот. Анда Европа кеңеши жактырган чаралар күчүнө кирет. Биз Орусияга каршы жаңы санкцияларды кабыл алууга даяр болобуз.

Бул эскертүү немец канцлери Ангела Меркел менен француз президенти Франсуа Олландын бүгүнкү биргелешкен билдирүүсүндө да айтылат.

Меркел менен Олланд Орусияны Украина менен чек арасында аскерлерин азайтууга, Украинада каршылашкан тараптарды мыйзамсыз куралдуу топторду таратып, кыянатчылыктардан алыс болууга да үндөштү.

Расмий Киев жана анын батыштык өнөктөштөрү Орусия Украинанын президенттик шайлосу үзгүлтүккө учурашына кызыкдар деп санайт. Орус президети Путин бул аптада шайлоо өзү туура багыттагы иш экенин, бирок ал Украинанын проблемаларын чече албасын айткан. (UE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG