Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:11

ЕККУ Украинанын чыгышындагы референдумдарды “абсурд” деп атады


Жекшембиде күтүлүп жаткан референдумдарды Донецк жана Луганск облустарындагы орусиячыл жикчилер өткөргөнү жатат.

Алар буга чейин аталган аймактарда “элдик республикалар” түзүлгөнүн жарыялашкан жана референдумга көз карандысыздык маселеси чыгарылууда.

Бирок, ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын президенти Ранко Кривокапич 10-майдагы билдирүүсүндө бүгүнкү добуш берүүлөр эркин жана адилет болот деген ырастоолорду “абсурд” деп атап, референдумдар легитимсиздигин, мыйзамсыздыктар менен кыянатчылыктардын жана коркутуунун фонунда өтүп жатканын белгиледи.

Донецк жана Луганск облустарынын де факто бийликтерин бул "маскарачылыкты" токтотуп, анын ордуна негизги көңүлдү 25-майдагы президенттик шайлоого бурууга чакырды.

Ушундай эле ойду кечээ Германия канцлери Ангела Меркел да айтты:

-Биз эртеңкиге мерчемделген референдумдарды мыйзамсыз деп эсептейбиз жана көңүлдү 25-майда Украинанын бүткүл аймагында өтүүчү шайлоого буруп жатабыз.

Расмий Киев жана анын батыштык өнөктөштөрү орусиячыл жикчилдердин референдум өткөрүү мүдөөсүнүн артында Москва турат деп санашат.

Орус бийликтери болсо мындай пикирлерди четке кагышат.

Апта башында орус президенти Путин жикчилерди референдумун токтото турууга чакырган болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG