Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Вьетнамда Кытайга каршы демонстрациялар болду


Бүгүн Ханойдо, Кытайдын элчилиги астында өткөн нааразылык акциясын адаттан тыш көрүнүш катары баалоого болот. Анткени, вьетнам өкмөтү коомдук жыйындарды тыкыр көзөмөлдөп турат.

Хо Ши Мин шаарында да бүгүн Кытайга каршы нааразылык акциясына 1000дей киши жыйналды. Ушундай эле акциялар өлкөнүн башка аймактарында да болду.

Вьетнамдыктар Түштүк Кытай деңизиндеги талаш аймакта Бээжиндин мунай платформасын жайгаштыруусуна нааразы болуп жатышат.

Кытай ал талаш жерге мунай платформасын 1 - майда орноткон эле. Бул кадам эки өлкөнүн мамилесине чыңалуу жаратып, Бээжин менен Ханой эми каршылашабы деген кооптонууларды пайда кылды. (UE)

XS
SM
MD
LG